Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

САМАРБҮБҮНҮН САЛААЛАРЫНАН ТӨГҮЛГӨН КҮҮЛӨР


Жарым кылымдан бери колунан комузун түшүрбой жүздөгөн кыргыз, чет өлкөлүк угуучуларга кылымдарды кыдырган айтыш, залкар күүлөрдүн классикалык үлгүлөрүн тартуулап келе жаткан бүгүнкү күндүн айтылуу комузчу-аткаруучусу СССРдин, Республиканын эл артисти, мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Самарбүбү Токтахунова.

Анын эң алгачкы шык учкунун жанышына сыналгыдан уккан күүлөр өзүнчө бир өзгөчө мектеп болуптур. Ал басса да турса да, эмне иш кылбасын, кайда жүрбөсүн күү менен жашап, күү менен күн көрө баштайт. Ал турсун Самарбүбү өзү карагайдан Москоол сомдолгон комуз чаап, картон менен капкактап, кыл ордуна онунчу чарык жиптен тагып, тепкесине кичинекей жыгачты туурасынан коюп черте баштайт. Акырында атасы Самарбүбүгө комуз чаптырып берет. Ошентип, жаш кыздын байыркы аспапка болгон сүйүүсү баштагыдан да күчөйт.

Мектептин 7-классын бүтөөрү менен ал Бишкектеги Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын комуз классына кирет. Секелек кезинен ойногон ою ишке ашып, окуу жайын ийгиликтүү бүтүрөт.

- Самарбүбү айым, мен билгенден 1961-жылдан баштап филармониянын Карамолдо Орозов атындагы оркестринде иштей баштадың? Жеке комузчу-аткаруучу катары кимдин күүсү менен угармандардын алдына чыктыңыз эле?

- Мен музыкалык окуу жайында окуп жүргөндө устатым Карагул Үкүбаевден төрт жыл да “Маш ботой” баштаган “Чайкама” Кара өзгөй”, “Көйрөң күүнү” үйрөндүм. Азыр ойлосом ошол кездин суроо-талабы ошондой экен. Мен болгону төрт күү менен оркестрде иштей баштадым. Оркестрдин солисти Республиканын эмгек сиңирген артсити, комузчу-обончу Бейшеке Жандаров экен. Ал Кулболдиев менен Мироновичтин “Концертиносун” концерттерде оркестрдин коштоосунда аткарып жүрдү. Мен болсом “Концертинону” өзүмчө ичимден жаттап, үйгө барганда чертип машыгып жүрдүм. Ошентип, эл алдында оркестрдин коштоосунда биринчи жолу чертип чыкканым “Концертино” болду.

- Бир күнү өмүрлүк жолдошум Чалагызмаэстро Асанкан Жумакматовго: - агай Самарбүбү “Концертинону” чертип жүрөт. Убактыңыз болсо угуп көрбөйсүзбү – деп калды. Асанкан агай – ой, буга чейин эмне унчукпай жүрөсүңөр. Чалагыз: - Самарбүбү аябай коркок, уялчаак – деди. Ошондо Асанкан агай- Кана, Самарбүбү оркестрдин коштоосунда “Концертинону” чертип көрчү. Мен чертип бердим. Асанкан агай таң калды. Ошол күндөн “Концертинону” эл алдына черте ,баштадым.

- Самарбүбү айым, Муратаалы баштаган Ниязаалы, Карамолдо, Токтогул, Ыбырай, Атай ж.б. залкар шайырлардын күүлөрүн чертип жүрөсүз. Булардын ичинен бүтүндөй өзүңүздүн жан дүйнөңүз менен бериле үзүлүп-түшө черткен комузчуңуз барбы?

- Мен үчүн бардык комузчулар бирдей. Тигиниси жакшы, мунусу жаман деп айта албайм. Ар бири бийик инсан, улуу таланттар. Ошондой болсо да мага Карамолдо атындагы залкар күүлөрү аябай жагат. Айрыкча мага Молдокемдин күүлөңүнүн улуулугу, тең салмактуулугу, терең ойлуулугу, кайрыктарынын кайталангыстыгы менен өтө жагат. Мен эң биринчи жолу эл алдына Молдокемдин “Ибарат” аттуу күүсүн чертип чыгып комузчу-аткаруучу катары таанылдым.
XS
SM
MD
LG