БИШКЕК. Өлкөдө мыйзамдуулукту сактоого, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкө чакырган келерки нааразылык акциясы мурда белгиленгендей 12-апрелде эмес, 29-апрелде өтмөй болду. Муну уюштуруучу топ талаптарды аткарууга бийликке убакыт берүү зарылдыгы менен негиздеди. Алар бийликтен конституциялык реформаны тездетүү, улуттук коопсуздук кызматын реформалоону, коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылышууда. Мындай демилге менен демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясы, жарандык коомдун жоон топ өкүлдөрү, парламенттин бир катар депутаттары 8-апрелде жөө жүрүш жасашкан.