БИШКЕК. Кыргызстанда өтүп жаткан шайлоо өнөктүктөрүнө узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүп келаткан жергиликтүү Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы №69 Балыкчы шайлоо округунун жүрүшүнө көз салган жок. Мунун себебин уюмдун лидери Эдил Байсалов айрым талапкерлердин жарышка мыйзамсыз катышып жаткандыгы менен негиздеди. Анын айтымында, байкоочу жарандык коом бул округда шайлоонун тыянагын тааныбайт жана шайлоо өнөктүгү аяктагандан кийин анын тыянагын бузуу максатында мыйзам чегинде аракеттерди жасайт.