Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Аба ырайы


Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча, 10-12-апрель күндөрү Чүй, Талас облустарында жана Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында 0...-5 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Үшүк гүл ачып калган бак-дарактарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

10-апрелде Кыргызстанда жаан жаайт. Тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...+5 градус.
Чүй, Нарын аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +1...+6 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +5...+10 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -4...+1 градус, күндүз +1...+6.
Борборубуз Бишкекте жамгыр жаап, карга айланышы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -1...-3, күндүз +4...+6 градус.

XS
SM
MD
LG