Соккудан эки киши мерт болду, бир нечеси жараат алды. Жөөт армиясынын өкүлдөрү Бейт ханун шаарынын жанындагы жайды согушкерлер Израилдин аймагына ракета атуу үчүн колдонуп келишкен деген жообун кайтарышты. Армиянын басма сөз катчысы Палестинанын кооопсуздук күчтөрү жана карапайым адамдар чабуул жөнүндө атайын баракчалар аркылуу алдын ала эскертилген деп билдирди.
Палестинанын расмий булактары маалымдагандай, Израилдин армиясы бүгүн Газа тилкесиндеги эки коопсуздук базасын артиллериядан аткылашты