Добуш берүүгө чейин жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, Еврокомиссиянын мурдагы төрагасы Романо Проди жетектеген оңчул-борборчул оппозициянын премьер-министр Силвио Берлусконинин консерваторлоруна караганда шанстары жогорураак. Кечээ аяктаган шайлоо кампаниясы бул жолу өтө курч мүнөзгө ээ болду. Берлускони аны колдобогондорду макоолор деп атаса, Проди премьерди аракеч менен салыштыра кетти.