Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

“Иракта граждандык согуш жүрүп жатат” деген билдирүүлөр көбөйдү.


Сауд Арапстандын Тышкы иштер министри Сауд аль-Файсал: “Иракта граждандык согуш жүрүп жатат”, - деп, бул жалпы регион үчүн өтө опурталдуу экенин билдирди. Ал Иракта шийилер менен суннилер ортосунда конфликт чечилип, алар биригиши үчүн Арап Лигасындагы мамлекеттер бүт аракетин жумшашы керек деди. Андан бир күн мурда Египеттин президенти Хосни Мубарак да Ирак граждандык согуш учурунда жашап жатат деп, “өлкө дээрлик кыйрап бүттү” деген эле. Жекшембиде Ирактын өкмөт башчысы Ибрагим ал-Жаафари: “Египеттик президенттин сөзү Ирак элинин көңүлүн чөктүрүп, өкмөттүн жинин келтирди”, - деди.

XS
SM
MD
LG