Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Бейөкмөт уюмдар коалициясы Р. Акматбаевдин жеңишин тааныбайт


-Рысбек Акматбаев шайлоочулардын 79 пайыз добушун коркутуп-үркүтүү жана кысым көрсөтүүнүн натыйжасында алды,- деп билдирди "Демократия жана атуулдук коом үчүн" коалициясынын лидери Эдил Байсалов. Анын айтымында, Бермет Акаева сыяктуу эле Акматбаевдин депутаттык мандаты да бир күнү жокко чыгарылат. Ошол эле учурда, Балыкчы шаарындагы Данко уюмунун өкүлү Н. Керимова берген маалыматка караганда бул жакта добуш берүүнүн жүрүшүндө орой мыйзам бузуулар катталган жок.

XS
SM
MD
LG