Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

АЯН ЖАНА МУЗЫКА


Эгер сиз доктор болгуңуз келсе, мединститутту бүтүп алып, иштей бересиз. Бирок Манасчы болом десеңиз, Көкө Теңир же Манас бабабыз өзү аян бербесе, эч кандай диплом жардам бербейт. Бразилияда ар бир бала Пеле же Рональдо өндөнгөн фулболист болгусу келгендей эле, кыргыздарда да ар бир бала комузчу же манасчы болгусу келген замандар өткөн. Бүгүн да кочушубуз кур эмес!

Жаңыл Жусубжан:Нурбек Серкебаев түбү көлдөн, азыр Бишкектеги консерваторияда кыл кыяктан даярдоо курсунда окуп жатат. Бирок башында "биз өмүр бою музыкадан мугалим болуп жыргап кеткен жокпуз, сен фермер бол" деген ата-энесинин сөзүнөн чыга албай, тракторчулардын окуусуна кирет, бирок темир кармап, бурама бураганга шыгы жок болуп чыгат:

Нурбек: Фермерлер көп түйшүк тартышат. Трактордун запчастарын оңдош деле чоң талант экен. Бирок мен ага жаралган эмесминби, запчастардын аттарын жаттай албай, көп кыйналыш болдум, эжелерден да көп уруш жедим. Бир гана жери комуз чертип атып, эжелерге атагым чыгып, алар көп жардам беришти. Бир жыл окуп, эже мен окуй албайт экемин деп айттым. Алар мейли анда аттестат берели деп, аттестат беришти. Анан күзү менен келип консерваторияга тапшырып калдым.

Жаңыл Жусубжан: Консерваторияда окуп жүрүп, Нурбек жаш таланттардын конкурсуна катышып калат. Манасчылар менен чогуу жүрүп, бир күнү автобуста баратып, түш көрөт:

Нурбек: Түшүмдө өзүмдүн денем өзүмө көрүнгөн жок, бирок учуп жүргөндөй болдум. Казанда эт боркулдап кайнап атат, түтүн чыгып, илгеркиче кийинген кишилер көрүндү көзүмө, жоо каптап келатканын, согушкандарын көрүп, корктум, бирок ошолорду көргөнүм таң калыштуу болду. Бирок үйгө жете электе эле ойготуп ийип, түш аягына чейин жеткен жок. Ойгонуп, үйүмө барып, ата-энем менен деле учураша алган жокмун, таң калып, бул эмне деген түш деп ойлодум. Чай ичип отуруп, ата-энеме "мен силерге манас айтып берем" десем, айт дешти. Кыйкырып баштап туруп эле, өчүп калып, ыйлап ийдим.

Жаңыл Жусубжан: Нурбекти балдар ойготуп жибербегенде, балким андан чоң манасчы чыгат беле ким билет, бирок ал сүрмө топко барып кошулган жок, байыртадан бүбү-бакшылар тартып, Көкө Теңир менен байланыштурган касиети бар кыл-кыякка назары түштү, азыр ал бул аспапта бир топ мыкты ойноп калды.

Нурбек: Манас чындык болгондуктан аян берет экен, кызыккан кишиге берет экен. Бул мага кыргыздын илгерки ата-бабалардын салтын сактоого, аспабын өздөштүрүүгө, калтырган насаатын унутпоого таасир берди.

Жаңыл Жусубжан: Кыргызда мен-мен деген манасчылар түшүндө аян болгондон кийин дастанчылык өнөрү ачылган. Улуу манасчы Саякбай да түшүнө Манастын акылман кеңешчиси Бакай киргенден кийин манас айтып калган экен. Бул тууралуу маркум музыка таанучу Гулшат Байсабаева мындай эскерген эле:

Гүлшат Байсабаева: Шыктуу, касиети бар бала төрөлгөндө эле көрүнөт. Аян болгондо кандайдыр бир үстүртөн күч жардам берет. Саякбай да 16 жашында баратып, бир боз үйгө келип уктап калат. Жакшынанай келин чөйчөкчөдө кымыз берет. Анысы түгөнбөйт. Жакындагы карыя "мени тааныдыңбы?" дейт, "жок" десе, Мен Бакаймын, тиги турган Манас бабаң болот. Эми сен манас айтасың" дейт. "Манасты билбейм" десе, оозуна түкүрөт. 3 жумадан кийин манас айта баштайт. Же мазмунун, же сюжетин билбейт. Асмандан эле бирөө кулагына айтып атты. Аян болуп, бирок Манас айтпай койгондор акылынан тайып калчу.

Жаңыл Жусубжан: Изилдөөчүлөрдүн айтымында, түшүндө аян болуп, касиети ачылган учурлар көчмөн калктарына айрыкча мүнөздүү көрүнүш. Мисалы кыргызга тектеш хакастарда Слава Кученов деген ырчы бар. Биз азыр уккан Көгмен деген ырды аткарган шайыр мурда айкелчи же скульптор болгон. Санкт-Петербургда окуп келип, гитарага кызыгып, үйрөнөйүн десе, бир досу "сенде музыкалык шык жок, эч качан музыкант болбойсуң, айкелдериң менен эле алыша бер" деп айтат. Бирок бир жолу түшүндө аян болуп, ошондон кийин, мурда эч ким угуп-билбеген дастанды айта баштайт. Бул тууралуу аны менен кездешип, дастанын уккан америкалык музыка таануучу Тед Левин мындай дейт:

Тед Левин: Бир түнү ага түш кирет. Түшүндө ага сен дастанчы болосуң, ошондуктан жетиген аспабын үйрөн деген аян болот. Хакастар дастанды "кай" деп аташат, аны жетигендин коштоосунда айтышат. Эртең менен Слава түшүн эстейт, көп өтпөй, кай ырдаганга шыгы бар экенин туят. Ал өзү кай чыгара баштайт, сөздөрү ага уктап жатканда түшүнө кирет. Эпостун формасы эски, бирок мазмуну жаңы, хакас маданиятындагы салттын негизинде жаралган чыгарма.

Жаңыл Жусубжан: Ата-бабанын арбагына сыйынган шаманчыл элдерде эмчи-домчу, бүбү-бакшылар комуздун, кыл-кыяктын, темир комуздун күүсү менен ооруну дарылап айыктырган. Муну азыркы илимдин эрежелери менен түшүндүрүү татаал. Түштүн өзү да баарына акыл-эс менен өлчөгөнгө басым жасалган азыркы цивилизация үчүн табышмак сыр бойдон кала берүүдө. Мен -мен деген канча психиатр, психологдордун арасында Сигмунд Фройд түштү өмүрү өткөнчө изилдеп түбүнө жете алган эмес. Кандай болгон күндө да, көчмөндөрдүн ооз эки маданиятындагы түш жана түштөгү аян чыгармачылыкка түрткү берген уникалдуу ажайып көрүнүш экендигин эч тана албайбыз, ошондуктан мындай керемет эл ичинде дале сакталып калганына шүгүрчүлүк дейли!
XS
SM
MD
LG