Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Үч шайлоо чөлкөмүндө өткөн шайлоонун алгачкы жыйынтыгы расмий жарыяланды


БИШКЕК. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Кадамжай, Куршаб жана Балыкчы округдарында өткөн парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, кечээки шайлоодо Кадамжайда 9 талапкердин ичинен Чолпон Султанбекова 37 пайыз, Нооманжан Аркабаев 24 пайыз добуш менен экинчи айлампага чыгышты. Куршаб округу боюнча ат салышкан 7 талапкерден Санжарбек Кадыралиев 39 Мамат Орозбаев 24 пайыз добуш менен алдыда. Бул эки округда шайлоонун экинчи айлампасы 23-апрелге белгиленди. Ал эми алты талапкер жарышка түшкөн Балыкчыда Рысбек Акматбаев 79 пайыз добуш менен жеңишке жетти.

XS
SM
MD
LG