Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Министрлер партиялык ишмердигин токтотмой болушту


БИШКЕК. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу кечээ президентке кайрылуу жолдоп, саясий партияларда мүчө болуп жүргөн мамлекеттик чиновниктерге чара көрүүнү суранды. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматынан билдиришти. Акыйкатчынын пикиринде, мамлекеттик бийликте отуруп кайсы бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп атканы мыйзамга каршы келет. Акыйкатчы бул тууралуу бүгүн маалымат жыйын өткөрөөрү күтүлүүдө. Аңгыча президент Курманбек Бакиев кечээ президенттик администрациянын жыйынында мындай чиновниктерге партиядан чыгууга 13-апрелге чейин мөөнөт бергени белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG