Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:45

Евробиримдик палестин өкмөтүнө жардам бербей турган болду


Кечээ Люксембургда Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери чогулуп, ХАМАС жетектеген палестин өкмөтүнө каржылык жардам токтотулаарын жарыялашты. Ошол эле учурда министрлер палестин элинин зарылчылыктарына жардамды өкмөт аркылуу эмес, башка каналдар менен жиберүүнүн жолдорун караштыра турган болушту.
Быйыл январда Палестинада өткөн парламенттик шайлоодо согушчул ХАМАС тобу жеңишке жетишкен. Бирок Еврошаркет ХАМАСты «террор уюм» деп билет жана ХАМАС куралын таштап, Израилди мамлекет катары таанымайын, ага жардам көрсөтпөй турганын ачык айткан.
Анын аралыгында ХАМАС тобу Израил палестиндик коопсуздук кызматтар менен кызматташпай тургандыгын «Палестинге каршы ачылган согуш» деп баалады. Автономиянын президенти Махмуд Аббас: «Израил эки тараптуу жана эларалык мыйзамдарды бузуп жатат» деп билдирди.

--

XS
SM
MD
LG