Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

Кыргыз Президентин Вашингтон чакырып жатат


БИШКЕК. АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер Бишкекте президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчы Феликс Кулов жана тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен да жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу мамилелер, аймактагы коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Президент менен болгон жолугушууда Ричард Баучер экономикалык реформаларды жүргүзүүдө АКШ кыргызстанга мындан ары да жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Кыргыз президенти болсо эки өлкө кызматташтыгы өнүгө берээрине ишеним билдирип, өлкөдөгү жалпы кырдаал боюнча маалымат берди. Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жолугушууда АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кыргыз президентин ушул жылы АКШга иш сапары менен келип кетүүгө чакырганы маалым болгонун «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG