Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Бейөкмөт уюмдар АКШнын өкүлүнө арызданышты


БИШКЕК. Бүгүн АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын жардамчысы Ричард Баучер Кыргызстанда иш сапары менен болду. Ал алгач «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар бирикмесинде жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөдөгү кырдаал боюнча так маалымат алгысы келгенин билдирди. Жолугушууда жарандык коом өкүлдөрү былтыркы март ыңкылабынан кийинки өлкөнүн келечеги үчүн тынчсызданып жатканын билдиришти. Мындан сырткары кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү бийлик бутактарына келишине бийлик тоскоолдук көрсөтө албай жатканы, президент Курманбек Бакиев былтыр конституциялык реформа жүргүзүүгө убада берип, бирок аны аткарбаганы, президенттин шайлоо алдында берген мындан башка да демократиялык убадалары унутта калганы тууралуу сөз болду. Аталган уюмдун башчысы Эдил Байсалов болсо жарандык коом бийликтен март ыңкылабынан кийин коюлган маселелердин аткарылышын талап кыла берээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG