Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

БШК төрагасы Рысбек Акматбаевдин опузасына кабылды


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов кечээ кечинде кол телефонуна өзүн Рысбек Акматбаев деп тааныштырган адам чалып, оозго алгыс сөздөрдү айтып, өлтүрөм деп коркутканын бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Туйгуналы Абдраимов буга чейин да өзүнө жана БШКнын башка мүчөлөрүнө ушундай коркутуулар болгонун, Рысбек Акматбаевди үнүнөн тааный турганын айтып, өзүнүн жана БШК мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо өтүнүчү менен башкы прокуратура менен ички иштер министрлигине кайрылаарын белгиледи. Ал эми Рысбек Акматбаевдин адвокаты Рысбек Нагаев «Азаттыкка» телефондон коркутуу болгону тууралуу маалымат чындыкка коошпойт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG