Ербоссын Мелдибеков: Ишим "Менин бир тууганым, менин душманым" деген аталышта болду. Мен негизи Борбор Азиядагы атуулдук согуштар, Анжиян окуясы сыяктуу темалар менен иштейм. Борбор Азияда ар нерсе болуп кетиши мүмкүн. Бул туруксуз регион эмеспи.
Жаңыл Жусубжан: Көрөзмөгө ошондой эле Өзбекстандан жана Кыргызстандан бардыгы болуп 16 сүрөткер катышты. Бишкектик Гулнара менен Мурат Жумалиевдер адатта видео-арттын элементтерин колдонушат. Мында алардын "Транссибирдик амазонкалар" деген инсталяциясында тоодой үйүлгөн челноктордун түйүнчөктөрү арасында телевизор турат. Экрандан челнокчулардын дүйнөнүн бир тарабынан экинчи тарабына бүтпөгөн жолу улам кайталанып көрсөтүлөт.
Кечээ жакында эле Бишкектен кайтып келген Ербоссын Мелдибеков Кыргызстанда заманбап, же актуалдуу модернисттик көркөм өнөрдүн өнүгүшү Казакстандагыдан алда-канча озуп кеткен деп эсептейт:
Ербоссын Мелдибеков: Алматыда адамдар бар, акчалары көп, бирок мага алар менен иштеш кызык эмес. Алматы, Астанадагылар турмуштан 20 жыл артта калып кеткен.
Жаңыл Жусубжан: Борбор Азияга актуалдуу исскуство канчалык керек?
Ербоссын Мелдибеков: Актуалдуу өнөр эмне үчүн керек? Түркмөнстан, Түндүк Корея сыяктуу эскиче өмүр сүрөлү десек, анда заманбап өнөрдүн кереги жок. Элдин баары прикладной, социалисттик реализм, фольклор менен алектенип жүрө берсе, өнөр өнүкпөйт. Ал эми эгер биз Уркаинадагыдай сыяктуу жаңы, ачык коом курабыз десек, жаңы коом менен жаңы өнөр бирге болушу керек.
Аталган сүрөттө чачы кырылып, монголдордой төбөсүндө гана бир тутам чачы калтырылган эки жигит бир бирине карап сүйлөп жатышкандай, бирок экөөнүн тең оозунда бир-бирин каратылган тапанча бар.