БИШКЕК. Кечээ президент Курманбек Бакиев Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов менен жолугушту. Президенттин маалымат кызматынынын кабарлоосунда тараптар сот системасын реформалоо маселесин талкуулашты. Осмонов сот сот тармагынын азыркы жагдайы тууралуу президентке маалымат берди. Сот учурда көз каранды тармак катары жергиликтүү жана эл аралык уюмдар тарабынан сынга алынып жатат.