БИШКЕК. Бүгүн тартип коргоо орган жетекчилеринин координациялык жыйынынын кезексиз отуруму болору күтүлүүдө. Анда экс президент Аскар Акаевге , үй-бүлөсүнө жана жакындарына таандык саналган мүлктү териштирүүнүн тыянагы чыгарылат. Кезексиз отурумду башкы прокурор Камбараалы Конгантиев башкарат. Аскар Акаевдин жакындарына таандык саналган мүлктөргө байланыштуу жетимиштен ашык кылмыш козголгондугу тууралуу маалыматтар айтылып келет.