Бул тууралуу бүгүн уюмдун баш-катчысы Кофи Аннан билдирди. Ошол эле учурда, “жөнөкөй палестиндиктер үчүн гуманитардык программалар иштей берет” деди ал. Буга чейин АКШ менен Евробиримдик да палестин өкмөтүнө тикелей каржылык колдоону токтоткон. Алар ХАМАС согушчул тобу түзгөн палестин өкмөтү куралын таштап, Израилди таанышын талап кылып жатышат.