Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

ААЛАМГА КЕТКЕН ЖОЛ – ЖЕРДЕГИ КӨЙГӨЙЛӨР


Бүгүнкү кыргыз гезиттеринде саясий-экономикалык темалар, атап айтканда Кыргызстандын экономикалык абалы, уюшкан кылмыштуулуктун бийликке умтулуусу тууралуу макалалар, пикирлер, ой жүгүртүүлөр арбын.

«Эми өтө алар бекенсиң, Рыспек?» деп суроо коет шаршембидеги «МСН» гезитинде журналист Д.Малеваная. Кыргызстандын Башмыйзамынын 56-беренесине ылайык мойнунда кылмыш иши турган адам депутат болуп каттала албайт. Рыспек Акматбаевге каршы козголгон кылмыш иши бүтө элек. Ал азыр Бишкек шаардык сотунда каралууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимовдун ырасташынча, мыйзам талабына ылайык шайлоодо жеңишке жетишкен талапкерге сот өкүмү чыкканга чейин мандат берилбейт, деп жазат макала автору.

Ушул эле гезитте Азия өнүгүү банкынын Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык абалы тууралуу жыл сайын жарыяланчу отчетунун бетачары өткөнү маалымдалган. «Жоогазын ыңкылабынан» кийин Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү белгиленген чекке жете албады. Ага өлкөнүн саясий жыйын, нааразылык билдирүүлөрдүн туткунунда калганы, булар аз келгенсип Кыргызстан ишенич арткан алтын өндүрүшүнүн төмөндөп кеткени себеп болгон.

Быйыл жылдын акырына конституциялык реформа өткөрүү белгиленген. Азия өнүгүү банкынын адистери белгиленип жаткан саясий иш-чара артынан толгон-токой проблемаларды, бийлик бөлүштүрүү, аймактык маселелерди алып чыгышы мүмкүн деп эсептейт.

Азыр өкмөттүн коррупция менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тургай, өлкөнү туташ каптаган социалдык-экономикалык кризистен алып чыгуу тууралуу планы жок, деп жазат шаршембидеги «Республика» гезитинде А.Биялинов. Эгер кылмыштуулукка каршы чындап күрөш жүрсө Р.Акматбаевдин маселеси чыкмак эмес, дейт макала автору.

«Биз криминалга каршыбыз» деген чакырык алдында тынч көчө жүрүш өткөнү шаршембидеги гезиттердин дээрлик баарында чагылдырылды. Өткөн ишембидеги жөө жүрүштүн катышуучулары «Алатоо» аянтына келип жыйын өткөрүштү. Бирок да бул убакта мамлекет менен өкмөт башчылары иш ордунда жок болуп чыкты, деп маалымдайт «МК Кыргызстан» гезитинин кабарчысы Елена Агеева. Автордун ырасташынча, калкы бийликти сүйбөшү керек, бирок да ага деген сый-урматы болушу керек эле. Бирок да, ишембидеги жөө жүрүштөн кийин ага катышкандардын азыркы бийликке ишеничи калбады, дейт макала автору.

«Дело №» гезитинин кабарчысы В.Ночевкин парламенттин үч депутаты – Айдар Акаев, Муратбек Малабаев, Ташкул Керексизов мандатынан ажырап калышы ыктымал экендигин жазып чыкты. Анткен менен эч себепсиз парламент жыйынына катышпаган депутатты чакыртып алуу жөрөлгөсү өтөле татаал. Эл өкүлүн чакыртып алуу демилгесин парламент спикери баштап, парламенттик кароодон кийин маселеге соңку чекитти депутаттын шайлоочуларынын өздөрү коюшат. Алар ишенич актабаган өкүлүнүн парламентте отуруш-отурбашын «макул» же «жок» деген жооптору менен шайлоо аркылуу чечишет. Шайлоо өткөрүү кыйла каражатты талап кылат, дейт макала автору.

Элдин бийликке деген ишеними кетип баратканы депутат Т.Сариевдин шаршембидеги «Белый пароход» апталыгындагы маегинде белигиленген. Кулов менен Бакиев мунасасы түзүлгөн кезде экөөнүн шарты бирдей болчу. Азыр алардын позициясы эки ачакей. Президент өкмөттү сынга алып, анын айрым кадамдарын жактырбасытыгын көп эле ирет айтты. Өкмөттүн болсо ачык позициясы эмдигиче белгисиз, дейт Т.Сариев.

Гезитте доктор Апастын «Мен Алатоо үстүндө эркин учуп жүргөн бүркүтүмүн» деген маеги жарыяланды. Кубанычбек Апастын пикиринде жаңы бийлик үмүттү актаган жок, ошондуктан аны кетириш керек. Бул үчүн мага каржылык колдоо керек, дейт доктор Апас.

Өкмөттүн колунда экономиканы жандантуунун мүкүнчүлүктөрү көп экени Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун ушул эле гезиттеги маегинде ырасталган. Аксуудагы жүгөрү иштетүүчү завод, Кызылкыядагы цемент заводунун курулушунун башталышы, Күрмөнтүдөгү цемент заводун ишке киргизүү, атаандаштыкка туруштук берчү товарлардын сыртка арбын чыгарылышы Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө жакшы таасир тийгизет, дейт А.Жапаров.

Экс-президенттин кызы Б.Акаеванын «Мен Кыргызстандын президенти болом деп ойлогон эмесмин» деген маеги да ушул эле гезитте жарыяланган.

Кыргызстанда миңден ашуун маалымдоо каражаттары катталган. Алардын биртобу чет элдик грант, колдоонун эсебинде чыгат. Маалымдоо каражатын чыгаруу ишкердиктин бир түрү, өзүн-өзү актаган кирешелүү тармак болушу керек, дейт «Интернюс – Кыргызстан» коомдук бирикмесинин координатору Эльвира Сариева «АиФ Кыргызстан» апталыгында чыккан маегинде.
XS
SM
MD
LG