Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

БАНГЛАДЕШТЕ АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ФУТБОЛДОН “ЧАКЫРЫК КУБОГУНДА” КЫРГЫЗСТАН ЖАРЫМ ФИНАЛГА ЧЫКТЫ


Кабыл Макеш,Бишкек. 13-апрелде Азия континенталдык футбол федерациясынын демилгеси менен өткөрүлүп жаткан “Чакырык Кубогу” мелдешинде Кыргызстандын командасы жарым финалда тажиктер менен беттешет.

13-апрелде Бангладештин Дакка шаарында Азия футбол федерациясынын “Чакырык Кубогунун” жарым финалдык таймашында Кыргызстандын командасы Тажикстандын футболчулары менен таймашка чыгат. 1-апрелден баштап Азия аймагындагы өнүгүп келаткан 16 өлкөнүн улуттук курама командаларынын ортосунда “Чакырык кубогунун” таймашуулары уланып, кыргызстандык футболчулар чейрек финалда Палестинанын командасын жеңип алып, баш байгеге талапкердин бири болду.

16 команда өз ара 4 топко бөлүнүшкөн. Кыргызстан, Тажикстан, Макао жана Пакистан өлкөлөрүнүн командалары менен “Д” тобунда ойноду.
Биринчи оюнда Кыргызстандын курама командасы Пакистандын командасына 0:1 эсебинде утулуп калышкан.

Экинчи оюн 4-апрель күнү өтүп, Кыргызстан-Макао беттешүүсү оюндун 31-мүнөтүндө катуу шамал менен нөшөрлөгөн жаандан улам токтотулган. Бул оюнда кыргызстандыктар 1:0 менен утуп жаткан. Оюндун 18-мүнөтүндө Владимир Веревкин 1 топ кийирген эле. Бул оюн 7-апрелге жылдырылып, кайрадан өткөрүлгөн оюнда кыргызстандык оюнчулар 2:0 эсебинде утуп алышты. Оюндун 25-мүнөтүндө Кыргызстандын командасынын өкүлү Роман Аблакимов эсепти ачса, 58-мүнөттө бир топ тажрыйбалуу оюнчу Азамат Ишенбаев 2-топту кийирип жеңишти бекемдеген.

4-апрелдеги токтотулган оюндан соң 6-апрелде Кыргызстан Тажикстан курамасы менен ойноп, 1:0 эсебинде утуп алды. Жалгыз топту Андрей Краснов кийирди. Ал Нарындын «Дордой-Динамо» командасынын чабуулчусу. Мында Тажикстан Кыргызстан менен болгон оюнга өзүнүн күчтүү курамы менен чыкпагандыгын белгилей кетүү керек. Алар бул ирет өздөрүнүн 7 оюнчусун «эс алдырышты». Анткени алар 1-2-оюндарда Макао менен Пакистанды 4:0, 2:0 эсептеринде утуп алышып, Д тобунда 1-орунду камсыз кылып коюшкан болчу.

Ошентип Тажикстан менен Макаону уткан Кыргызстандын команда чейрек финалга чыгып, жогоруда айткандай палестиналыктарды 1:0 эсебинде жеңип алышкан.

Дүйшөмбү, 10-апрель күнү Тажикстан “Д” тобунун жеңүүчүсү, “С” тобунда 2-орунду ээлеген талаа ээлери Бангладеш менен ойноп аларды ири эсеп менен утуп алды. Уткан тажиктер жарым финалда кайрадан Кыргызстан менен ойнойт.

Ушул “Чакырык кубогунун” жарым финалында кыргызстандыктар тажикстандык футболчуларды жеңип чыгыша алабы? Бул тууралуу “Эркинтоо” гезитинин спорттук баяндамачысы Асан Жунусов мындай деген пикирде:
- Эң негизгиси кыргызстандык футболчулардын деңгээли жогорулап баратканы. Эми тажиктерди утса эле баш байгеге талапкер болот. Бирок аларды утуу кыйынга турчудай. Себеби Кыргызстандын командасынын катарында Сергей Чикишов баштаган мыкты оюнчулар ойногон жок. Ошентсе да үмүт үзбөй туралы.. Ошондуктан эл аралык мелдештерди уюштуруп, ушундай беттешүүлөргө барып туруу зарыл.

Экинчи жарым финалда Непал жана Шриланка өлкөлөрүнүн футболчулары 12- апрелде кечинде беттешет. Кайсыл команда утуп чыкса баш байгеге талапкердин бири болот. Экинчи жарым финалдан мелдешинде кыргызстандыктар кандай оюн көрсотүүсү мүмкүндүгүн, тажиктерди жеңүү оңойго турбасын “Дордой- Динамо” командасынын машыктыруучусу Мурат Дүйшөналиев мындай деди:

- “Чакырык кубогу” Азиядагы өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн футболчуларынын чеберчилигин өстүрүү, футбол дүйнөсүнө аралашып, достошуу максатында өтүүдө. Ошондой эле Кыргызстандын командасы чучукулак кармоодо эң күчтүү атаандаш тажиктерге туш болду. Биринчи оюнда капыстан утуп алышкан. Эми жарым финалдык таймашуу кыйынга турчудай. Эгерде башка топко түшкөндө баш байгени жеңип алуусу мүмкүн болчу. Непалдык жана Шри-Ланкалык футболчуларды бир нече ирет утуп алган элек.

Азия футбол федерациясынын демилгеси менен өткөрүлүп жаткан“Чакырык Кубогунун” финалдык таймашы 16- апрелде болмокчу.
XS
SM
MD
LG