Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Азимбек Бекназаровдун саламаттыгы жакшырып калды


БИШКЕК. Жол кырсыгына кабылып, оор жараат алган Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун саламаттыгы жакшырып калды. Азыр ал президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу депутаттын колуна операция жасаган профессор Сабыр Жумабеков бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Дарыгердин айтымында, кырсыктан депутаттын мээси чайкалып, оң колунан жараат алган. Ал Азимбек Бекназаровго азыр тынчтык керектигин, сүйлөшүүгө болбостугун белгиледи. Негизинен мындай жараат алган оорулууларга 4 айдан 6 айга дейре «жумушка жараксыз» деген кагаз берилет, бирок дарыгер депутат бул мөөнөттөн алда канча мурда парламенттеги ишин улантаарына үмүт артаарын билдирди. Азимбек Бекназаров 30-мартка караган түнү Аксыдан кайтып келатып, Төөашууда жол кырсыгына кабылган.

XS
SM
MD
LG