БИШКЕК. Экс-президент Аскар Акаевдин үйбүлөсүнө жана жакындарына байланыштуу баш прокуратура 83 кылмыш ишин козгоп,тергөө учурунда 207 миллион сом, 160 миң евро, 480 миң доллар жана жалпы наркы 1миллиард 400 миң сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу укук коргоо орган жетекчилеринин координациялык кеңешинин бүгүнкү кезексиз отурумунда айтылды. Жыйында бул иштер дыкат иликтенип, келтирилген чыгымдар мамлекетке кайтарылаары, козголгон кылмыш иштер аягына чыгарылаары белгиленди. Аскар Акаевге , үй-бүлөсүнө жана жакындарына таандык саналган мүлктөргө байланыштуу жалпысынан 102 кылмыш иши козголгон.