Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Башкы прокуратура адвокат Либерман менен кызматташпайт


БИШКЕК. Экс-президент Аскар Акаевдин, үй бүлөсүнүн, жакындарына таандык саналган мүлктү иликтөө боюнча жалданган эл аралык адвокат Либерман менен мындан ары Башкы прокуратура кызматташпайт. Мындай маалымат тартип коргоо кызматтарынын координациялык кеңешинин жыйынында айтылды. Адвокат өткөн аралыкта эч кандай натыйжалуу маалымат берген эмес. Экс-президентке таандык мүлктү териштирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Данияр Үсөнов жана мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров түзгөн макулдашуулардын негизинде Либерман табылган каражаттын он пайызын алмак. Алдын ала Данияр Үсөнов адвокатка өз чөнтөгүнөн 500 миң доллар төлөп берген.

Бурулкан Сарыгулова

XS
SM
MD
LG