Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Италияда шайлоонун жыйынтыктары кайра саналып чыгышы мүмкүн

Италиядагы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан орто-солчул коалициянын лидери Романо Проди шайлоонун жыйынтыктарын кайра эсептеп чыккандан коркпой турганын билдирди. Ал азыркы премьер Сильвио Берлусконинин орто-оңчул коалициясын болор-болбос артыкчылык менен жеңип алган эле. Берлускони бюллетендерди кайра эсептеп чыгууну талап кылды, анткени “алар бурмаланган” деп ишенет. Проди болсо баары бир жеңгенин айтып: “Берлускони кызмат оордун бошотууга убакыт жетти”, - деди.

--
XS
SM
MD
LG