Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

БАБАЛАРДЫН МУРАСЫ : ДОБУЛБАС-БАЙЫРКЫ УРМА АСПАП


Абалтан эле кыргыздын элдик аспаптык музыкасына урма аспаптардын үч түрү тараган. Алар добулбас, доол, дап. Байыркы музыкалык аспап добулбас калк арасына добулбаш деген атта да айтылган.Ал жазылыгы 200-250 милиметрден турган тегерек алкактан турат. Добуш чыгаруучу алкагы жумшак жана жакшы ийленген талдан, кайыңдан, арчадан жасалат. Аспаптын жалпы турпаты цилиндрге окшош. Добулбастан үстүңкү, астыңкы беттерине буканын, төөнүн терилеринен ийленген жаргак кере тартылат. Аспапты камчынын сабындай башы тоголок эки таякча,же алакан менен чапкылап ойношкон.

Добулбас негизинен жортуулдарга, согуштук жүрүштөрдө, тойлордо отуруп да, ат үстүнө да кабар (сигнал) берүүчү аспап катары ойнолгон. Алсак, “Манас” жомогунда добулбас жоокерлердин аспабы экени “Бапылдатып добулбас, жоо белгисин урду эле” – деп, сүрөттөлсө, анын көбүнчө сурнай менен кошулуп аткарылганы “Добулбасты карс уруп, сурнай кулак тундуруп” – деп, баяндалат. Ал эми добулбас “Манаста” барабан делип айтылганын “Барабан күү чертип” деген саптар күбөлөйт.

Дүйнө элдеринин музыкалык маданиятында добулбаска тутумдаш, түспөлдөш элдик урма аспаптар ар кандай атта, аталышта кеңири тараган. Алсак, казактарда дауылпаз (дабылы), азерилерде награ, нагора, грузиндерде доли, армяндарда доол, дохор, молдовандарда тумбелик, өзбектерде чындоыл деген ж.б. аталат. Азыркы күнгө чейин добулбастын качан, кайсы кылымда кыргыздын элдик салттык музыкасында ойнолот баштаганы, кайдан келгени жөнүндө так маалыматтар жокко эсе. Добулбас музыкалык аспап катары акыркы он беш жылдын ичинде комуз, кыл кыяк, чоор ж.б. аспаптарга кошулуп ансамблдерде, оркестрлерде кеңири ойноло баштады. Байыркы аспапта комуздагыдай, чоордогу күүлөр аткарылбайт. Тек гана төмөнкүдөй кыска, ыргактар, кайрыктар ойнолот.
XS
SM
MD
LG