Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Өкмөт уюшкан кылмыштуу топторго каршы катуу чабуулга өткөн жатат


БИШКЕК. Өлкөдөгү кылмыштуулук кырдаалын бүгүн өкмөт кезексиз жыйында карап, кыргыз коомундагы кылмыштуу топтун анабашын аныктап, аны тезинен кармап келүү жөнүндө чечим кылды. Укук коргоо органдарына уюшкан кылмыштуу топтордун изине түшүп, бөлүп-жаруу, алардын башчыларына козголгон кылмыш иштерин аягына чыгаруу милдети коюлду. Шектүү адамдарды, автоунааларды кармап текшерүү үчүн ыкчам аракеттеги милиция топтору түзүлмөй болду. Кылмыштуу дүйнө менен алакалаш болгон тартип коргоо кызматкерлери жөнүндө маалыматтарды дыкат текшерүү, зөөкүрлөрдөн токмок жеп, аларды кармап жоопко тартуудан баш тарткан милиция кызматкерлерин иштен алуу жөнүндө ички иштер министрине тапшырма берилди.

XS
SM
MD
LG