Кытай төрагасы Ху Цзинтао жакында билдиргенге караганда, кытай коомундагы ар башка пикирлер жана көз караштар бир-бирине ылайыкташтырылып, өлкө коому гармонияга келтирилүүгө тийиш. 13-апрелде Ханчжоу шаарында башталган буддисттердин эл аралык курултайы дагы дүйнөнү гармониялаштыруу урааны алдында өтүп жатат.
Төрт күнгө улана турган жыйынга 34 мамлекеттен чакырылган миңден ашык диний өкүл катышууда. Алар негизинен Кытай, Жапония, Түштүк Корея жана башка Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн буддисттери.
Кытайдын өзүндө Будда динине ишенген 100 миллионго жакын адам жашайт, бирок өлкөнүн негизги калкы Кунцзы динине ишенет. Буддисттер Кытайда негизинен Тибет жана Чань агымдарына бөлүнгөн жана Тибет буддисттерин өлкөнүн коммунисттик бийлиги мурда катуу куугунтуктаганы белгилүү.
Тибет буддисттеринин жетекчиси XIV-далай-лама Агван Лобсан Тенцин Гьяцо 1959-жылдан бери сүргүндө жашайт. Аны калмак, монгол, бурят, тыва жана бутан буддисттери да өз руханий жетекчиси катары эсептейт. 1989-жылы Нобел сыйлыгын алган бул адамды Бээжин өз курултайына чакырган жок.
Далай-ламадан кийинки экинчи даражадагы лама, панчен-лама катары 1995-жылы кытай жетекчилиги Гиалтсен Норбу деген баланы тандап алган жана Ханчжоудагы жыйынга тибеттиктердин өкүлчүлүгүн ушул 16 жашар бала жетектеп келди. Курултайдын ачылышында ал сөз да сүйлөдү, бирок айрым динаятчылар аны жактырган жок. Анын алдында панчен-лама болгон адамды кытай бийлиги 1960-жылдарда эркинен да ажыраткан.
Кытай коммунисттик идеологиядан баш тарта элек жана алтымышка жакын жылдан бери өлкөдө кандай болбосун дин адамдын аң-сезими үчүн, Маркстын сөзү менен айтканда, апийим деп эсептелип келген. "Фалунгун" деген диний уюмдун мүчөлөрүнүн саны өтө көбөйүп кеткенде дагы кытай өкмөтү аны катуу куугунтукка алганы белгилүү. Ошондуктан мындай диний курултай өткөрүү Кытайда жаңылык.
Австралиянын улуттук университетинин профессору Жонатан Унгердин айтымында, мындай диний жыйын өткөрүү менен кытай жетекчилиги дүйнөлүк коомчулукка - өлкөдө экономикалык гана реформа өткөрүлбөстөн, диний жана идеологиялык маселелер да чечилип жатканын көрсөтүүгө аракеттенүүдө.
-"Менин оюмча, кытай өкмөтү бул форумду стратегиялык максатта пайдаланып, өлкөнүн эл аралык сахнадагы кадыр-баркын көтөрүү үчүн өткөрүүдө. Аны менен дүйнөлүк буддисттерге да белги берилип жатат", - дейт Унгер.
Башка эксперттердин пикиринде, өлкөдөгү экономикалык реформалар ыкчам жүргүзүлүп жаткандыктан, коомдун ар башка катмарлары ортосунда чыңалуулар да пайда болгон жана мындай жыйын өткөрүү менен бийлик ошондой социалдык маселелерди да чечүүнү өзүнө максат катары койгон. Будда дини болсо жакшылыкты да, жамандыкты да камырабастан кабыл алууга үйрөтөт.