Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 12:58

Улан Сарбанов менен Медет Садыркулов он эки жылга кесилиши ыктымал


БИШКЕК. Кечээ прокуратура мурдагы каржы министри Султан Медеровго, улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбановго, эсеп палатасынын мурдагы башчысы Медет Садыркуловго он эки жылдан, башкы казыналыктын мурдагы директору Анарбек Сатыбалдиевге үч жыл, анын орун басары Динара Шадиевага эки жыл жаза берүүнү райондук соттон сурады. Ал эми экс-президент Аскар Акаевге далил жетишсиз деп эсептеди. Булар мамлекетке таандык 420 миң долларды уурдап, тоноого катышкан деп айыпталууда. Сот чечимин бүгүн чыгарат.

XS
SM
MD
LG