Бийликтердин айтымында, бул жолу баш калаа Каирдин түндүк жагында жашаган 18 жаштагы кыз оорунун курмандыгы болуптур. Ошентип, Египетте жалпысынан 12 адам “куш ылаңы” менен ооруганы катталды. 2003-жылдан бери дүйнөдө бул оорудан жүздөн ашуун адам өлдү. Алардын көпчүлүгү - Азия өлкөлөрүнүн жарандары.