“Ал-Каида” террор уюмунун көрүнүктүү мүчөлөрүнүн бири Абдул Рехнан Пакистандын аймагында жок кылынды. Бул жөнүндө Пакистандын маалымат министри Шейх Рашид Ахмед билдирди. Аны менен кошо жети козголоңчу да өлтүрүлгөнү айтылып жатат. Кошмо Штаттары буга чейин Абдул Рехнандын башы үчүн 5 млн.доллар байге жарыялаган эле.