АКШнын Коргоо министри Дональд Рамсфелддин кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар көбөйгөнү менен, президент Буш министрге баары бир ишенет. Бул тууралуу бүгүн Ак Үйдөн билдиришти. Мурдагы 5 америкалык генерал Дональд Рамсфелддин Ирактагы аракеттерин жана башка иштерин сынга алып, анын кызматтан кетишин талап кылышкан эле.