Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

АКШ дагы бир жолу Иранга каршы катаал чараларды көрүүгө чакырды


АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс дагы бир жолу Улуттар уюмун Иран маселеси боюнча катаал чараларды кароого чакырды. Вашингтондо журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: “Расмий Тегеран Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин уранды байытпоо жөнүндө талаптарын этибарга албай, эларалык коомчулукту да сээребей калды”, - деди. Анын айтымында, Иран эларалык милдеттенмелеринен качпай, аларды аткарышы үчүн Улуттар уюму Тегеранга басымды күчөтө турган аракеттерди караштырышы керек. Ал БУУнун Уставынын 7 бөлүгүн эске салды. Анда “Улуттар уюму дүйнөлүк коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн делген кайсыл мамлекет болбосун, ага каршы бүт аракеттерди, аскерий аракеттерди да, көрүүгө укуктуу” деп жазылган. Иран бийликтери болсо дагы бир ирет “ядролук изилдөөлөргө укуктуу экенин билдирип, уран байытууну уланта берээрин” билдиришти.

XS
SM
MD
LG