БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги «Достук» конок үйүндө «Жаш саясатчылар форуму» деп аталган коомдук бирикменин үчүнчү жыйыны өтүп, анда өлкөдөгү саясий кырдаал талкууга алынмакчы. Бул жыйындын алкагында жаш саясатчылар «Демократиялык күчтөр биримдиги» партиясынын теңтөрагасы Бакыт Бешимов баштаган саясатчылар жана укук коргоочулар менен да жолугушат.