БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев кечээ түштөн кийин Жаңыбай Асрановду Каракулжа , Үсөнбай Абдраимовду Өзгөн, Тагайбек Жаркынбаевди Сузак райондорунун акимдеринин милдетин аткаруучу кызматтарынан бошотуу тууралуу буйрук чыгарды. Президенттин дагы башка буйруктары менен Абдималик Анарбаев Каракулжа, Ажыбек Касымалиев Өзгөн, Жусупбек Максуталиев Сузак райондорунун башчыларынын милдетин аткаруучулукка дайындалышты.