Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Акимдердин иштен алынышына жергиликтүү эл нааразы


БИШКЕК. Каракулжа жана Өзгөн райондорунун акимдеринин кызматтан алынышына нааразы болгон 200дөн ашуун адам кечээ кечке жуук Ош облустук бийлик имаратынын алдына келишти. Алар март ыңкылабына катышкан бул акимдерди ордунда калтыруу талабын койушууда. Оштогу кабарчыбыз Кубанычбек Жолдошевдин айтымында, бул күнү аталган эки райондун акимчиликтеринин жанына да ушундай эле талап менен 500дөн ашуун эл чогулушту. Нааразы тарап менен Ош облусунун губернатору Адам Закиров жолугушуп, эки райондун акими ордунда калаарын билдирди. Бирок эл андан бул боюнча расмий буйрукту көрсөтүүнү талап кылышты. Алар бүгүн да нааразылык акциясын улантаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG