Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:52

Бейөкмөт уюмдар коалициясы: «Эдил Байсаловго кол салуу «ээнбаштык» эмес»


БИШКЕК. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы уюмдун жетекчиси Эдил Байсаловго кол салуу боюнча «ээнбаштык» деген берене менен кылмыш иш козголушун бийликтин эки жүздүүлүгү деп эсептээри тууралуу билдирүү таратты. «Кол салуунун мүнөзү бардык жагынан алганда да Эдил Байсаловдун активдүү коомдук саясий ишмердигин токтотуу жана өмүрүн кыйуу максатында алдын ала даярдалганын, саясий негизде жасалганын көрсөтүп турат. Коалиция бул иштин жөн гана ээнбаштык иретинде каралышына тынчсызданат жана каршылык билдирет» деп айтылат билдирүүдө. 12-апрелдин кечинде кол салууга кабылып, башынан жаракат алган Эдил Байсалов учурда улуттук госпиталда дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында, анын саламаттыгы канааттандыраарлык.

XS
SM
MD
LG