Одри Хепберн-дүйнөнүн эң сулуу аялы
Одри Хепберн “New Woman” журналынын сурамжылоосуна ылайык, дагы бир жолу дүйнөнүн эң сулуу аялы деп таанылды. Одри Катлин Хепберн-Растон 1929-жылы Брюсселде туулган. Англиядагы мыкты мектептердин бирин бүтүргөндөн кийин Одри Голландиянын Арнхем деген шаарындагы консерваторияда окуган. Анын кинодогу жолу 1951-жылы тамеки саткан кыздын чакан ролунан башталат. Бир аз узабай Одрини франциялык жазуучу Колет байкап калып, Бродвейдеги чоң ролду сунуш этишет. 1953-жылы болсо “Рим каникулдарында” тартылып, бир эле заматта Голивуддун биринчи айымына айланат. Бул роль үчүн Хепберн Оскар сыйлыгына татыган.
Көп жыл бою ЮНИСЕФтин элчиси катары актриса жакыр өлкөлөрдөгү балдарга жардам берип жүрдү.
Хепберн 1993-жылы рактан көз жумган.
Индонезияда «Плейбойду» таш бараңга алышты
Индонезиянын полициясы “Плэйбой” журналын чыгарбоого кайрылууда. Басылманын биринчи номуру өлкөдө бир жумача мурун жарык көргөн. Анда жылаңач киишилердин сүрөттөрү жок болсо да, мусулман уюмдары басылма жарандардын моралдык аң-сезимине таасир этет деп ырасташууда. Шаршембиде нааразы болгон эл журналдын кеңсесин таш баранга алышты. Редакция башка жакка көчүп кетүүгө мажбур болду.
Өлкөнүн парламентине порнографияны таратууга каршы мыйзам кабыл алуу кайрылуулары түштү.
Мындай демилгелерге каршы болгондор жаңы жобонун долбоору так болушу керек дешүүдө. Себеби индустар, айрым жергиликтүү уруулардын өкүлдөрү адатка ылайык денесин аз маз гана жапкан кийим кийип жүрүшөт.
Пакистан аскерий учкучтарга узун сакал койгонго тыюу салды
Дагы бир мусулман өлкөсү Пакистанда болсо аскерий учкучтар узун сакал кое бербеш керек деген өкмөттүн көрсөтмөсү сынга кабылды. Өкмөт Улуттук ассамблеянын жыйынында эреженин динге эч кандай тишеси жок деп түшүндүрүүгө аракеттенди. Бирок ислам партияларынын альянсы жаңы жобону мусулмандардын укуктарын басмырлоо деп айыптады. Парламенттин коргонуу маселелери боюнча катчысы “учкучтар чоң бийиктикте кычкылтек маскаларын кийишет. Узун сакал андай учурларда учкучтун өмүрүнө коркунуч туудурушу ыктымал”, - деген аргументин келтирди.
Пиволордун сынагы
13-апрелде АКШнын Олимпиа шаарында пивонунун ышкыбоздору жана пиво өндүрүүчүлөр жылдык конференциясына чогулушту. Анын алкагында чакан пиво чыгаруучулардын конкурсу да өткөрүлөт. Калыстар тобу 55 өлкөнүн 500 ишканасынан жиберилген пивонун 2 миң 300 түрүнүн сапатын текшерип, жеңүүчүнү жарыялашат. Жыйынга 2 миңге жакын киши катышууда.
Ашыкчы салмактын азабы
Пиводонбу же жокпу, Америкада ашыкча салмактан жабыркаган адмдардын саны барган сайын көбөйүүдө. Эң кызыгы, америкалыктардын 90 проценти бул жөнүндө кабардар, бирок 40 проценти гана өзүн толук деп эсептейт. “Пью Резерч” борбору 2 миң киши тартылган изилдөө өткөрүп, көпчүлүк адамдар өзүнүн салмагына көңүл бурбайт экен деген жыйынтыкка келди. Расмий статисткага ылайык, АКШ калкынын 60 процентинен ашуунун ашыкча салмактуу деп атаса болот.