Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

ТАЛАНТ ТАГДЫРЫ : САМАРБҮБҮНҮН САЛААЛАРЫНАН ТӨГҮЛГӨН КҮҮЛӨР


Таанымал комузчу-аткаруучу, СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти Самарбүбү Токтахунова менен анын чыгармачылыгы жөнүндө маек.

- Самарбүбү, өткөндөгү баардашуубузда өзүңүздүн аткаруучулук чыгармачылыгыңыздын башатынын башталышынан кеп салып бердиңиз эле. 40-жылдан ашык мезгилден бери Кыргызстан эле эмес, көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болуп жүрөсүз. Бейтааныш угуучулар комузду, күүлөрдү кандай кабыл алышат?

- “Музыкага котормочунун кереги жок” дегендей кандай гана тилде сүйлөшкөн дүйнө калкттарына кайсыл гана мамлекетке гастролго барбайлы комуз күүлөрүн ушунчалык суктануу, ушунчалык аңдануу, ушунчалык кызыгуу менен кайра-кайра сахнага чакырып кабыл алышат. Ал турсун күү күйөрмандары көшөгөнүн артында концерт бүткөндөн кийин да биз түшө турган автоунаанын жанына топурап келишип, кол тамга сурашып – кандай күүлөнөт, кантип чертүүгө болот, кантип ушунчалык бийик аткаруучулук чеберчиликке жеттиңер, эмне үчүн мойунунда берекелери жок – дешип, таңдана сурашат. Айтып берсек: - бул аябай татаал аспап турбайбы. Аспапты ойнош үчүн кайталангыс чоң талант керек турбайбы – дешип өтө таңдануу менен сурашат.

Самарбүбү айым артисттик турмушта көшөгөнүн артында, угуучулардын алдында күтүүсүз бир кызыктуу окуялар көп болорун өзүң жакшы билесиң. Маселен сахнада комуз чертип жатканда кылы үзүлүп, же тепкеги ыргып кетиши, илгахы келбей аткарып жаткан күүсүнүн кайрыктарын аттатып-буттатып чертиши мүмкүн. Сизде жана кесиптештериңде ушундай окуялар болду беле?

-
Мен өз башыман сиз сурангандай, айткандай окуяларды өткөргөн жокмун. Бирок өзүм көрүп, өзүм күбө болгон бир-эки окуяны айта кетейин. Кайсыл экени эсимде жок. Москвада КПСС БКнын XXII же XXIV-съезди өтүп калды. Өмүрлүк жолдошум Чалагыз Исабаев жетектеген комузчулар ансамбли делегаттарга концерт бергени барып калдык. Концерт Кремль Сарайында өтүп жатты. Сахнага чыгардын алдында Чалагыз комузчулар ансамблинин катышуучуларга кокустан комузуңардын кылы үзүлүп кетсе, же тепкеги ыргып кетсе ага карабай сыр билгизбей черте бергиле уктуңарбы – деп, эскертип айтты. Кезек бизге келди. Айдараалынын айтылуу “Көйрөң күүсүн” черте баштадык. Бир убакта маркум Үсөн Cыдыковдун комузунун тепкеги ыргып кетсе боло. Ал тура калып тепкекти алды. Баарыбыз эмне кыларыбызды билбей эстен талып калдык. Л.И.Брежнев баштаган делегаттын баары караан каткы күлкүгө батышып дүркүрөтө кол чабышты.
Дагы бир жолу Кыргызстанды кыдырып концерт берип жүргөндө Үсөн Cыдыковдун комузунун бир кылы үзүлүп салаңдап жерде жатса да ал өзү күлүп комузун черте берди. Залдагылар “ой, азамат экен” – дешип, боорлоору эзилгиче күлүшкөнү канча жыл өтсө да көңүлүмдөн чыкпай, көкүрөгүмдөн өчпөйт. Биздин турмушта мындай окуялар көп болот.


- Самарбүбү айым, маркум өмүрлүк жолдошуң Чалагызда, өзүң да таанымал комузчу болуп туруп уулуң Актан эстрада ырчысы, Арслан урма аспаптардын музыканты. Эмне үчүн алар ата-энелеринин жолдорун жолдошподу?

- Менимче балдардын өздөрүнүн каалоо-тилектери боюнча бирөө ырчы, экинчиси урма аспапатарды ойноп кетти деп ойлойм. Кичинекей кезинде Актандын да, Арсландын да комузга аябай эле шыгы болгон. Ал турсун экөө тең комузду чертишчү. Атасы экөөбүз: - Биздин эле артист болгонубуз жетишет. Экөөң музыкант болбой эле башка адистиктеги жогорку окуу жайынан окугула – деп, айтсак. – Жок, башка адистикти элестете албайбыз. Биз сөзсүз музыкант болушубуз керек дешти. Ошентип, экөө эки кесипти тандап кетишти. Атасы да, мен да Актанды бүгүнкүдөй ырчы болот деп таптакыр ойлогон эмес элек. Бирок, Актан кичинекейинен эле Майкл Жексон болом деп, керелдин кечке бакырып өкүрүп пионинону тарсылдатып койгулап ырдай берүүчү. Ошондо Чалагыз: - атаңдын оозун урайын каңкылдатып эле ырдай бересиңби. Эс алчы. Бизге тынчтык бересиңби – деп коюучу. Көрсө, Актандын ырга болгон дарамети кичинекей кезинде эле пайда болуп атыптыр да. Аны биз билбепиз да.
XS
SM
MD
LG