БИШКЕК. Курманбек Бакиев элдик бийлик орногону жөнүндө жар салып келаткан менен чынында өзүнүн жеке бийлигин бекемдегенге аракет кылууда деп билдирди депутат Өмүрбек Текебаев бүгүнкү парламент жыйынында. Буга мисал катары, Ө. Текебаев, президент акимдерди эч ким менен кеңешпей дайындап, аларды «акимдин милдетин аткаруучу» деп мыйзамсыз отургузуп жатканын белгилеп, аны конституцияны көз көрүнөө бузуу деп эсептеди. Депутаттын ишениминде, мындай мыйзам бузуу президентке импичмент жарыялоого юридикалык негиз боло алат.