БИШКЕК. 29-апрелде Бишкекте өтмөкчү болуп жаткан демократиялык күчтөрдүн саясий акциясында президент Курманбек Бакиевдин отставкасы талап кылынбайт. Бирок, президентке өлкөдө саясий-экономикалык реформаларды чечкиндүү баштоо, кылмыштуу топторго күрөш ачуу, укук оргоо жана сот органдарынын ишин жакшыртуу сыяктуу талаптар коюлмакчы. Бул тууралуу демократиялык күчтөрдүн бүгүнкү жыйынында талкууланганын депутат Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, президент өзүнүн көзөмөлүнө алып алган чарбалык субъектилерди, мисалы, «Кыргыз аба жолдору», «Кыргыз темир жол», бажы, салык инспекциялары сыяктуу чарбалык тармактарды премьер-министрге өткөрүп берүүгө тийиш.