Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Демократиялык күчтөрдүн Өмүрбек Текебаев башында турган штабы түзүлдү


БИШКЕК. Бүгүн демократиялык күчтөрдүн Өмүрбек Текебаев башында турган штабы түзүлдү. Штаб 29-апрелде Бишкекте өтмөкчү болуп жаткан саясий акцияга даярдык көрмөкчү жана реформалардын жүрүшүн каалаган күчтөрдү координацияламакчы. Бул маселе демократиялык күчтөр биримдигинин бүгүнкү жыйынында чечилди. Өмүрбек Текебаевдин орун басарлары болуп Кубат Байболов, Мелис Эшимканов, Темир Сариев, Анвар Артыков жана Асия Сасыкбаева шайланышты. 29-апрелде Бишкекте өтө турган демонстрацияда президент Курманбек Бакиев башында турган бийликтен буга чейин коюлган 7 талапты аткаруу талап кылынмакчы. Алардын арасында – конституциялык реформа жүргүзүү, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекеттик телерадио компанияны коомдук кылып түзүү сыяктуу иштер бар.

XS
SM
MD
LG