Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

КИЙИМ ТИККЕНДЕР КОҢУЛДАН КАЧАН ЧЫГАТ?


Адистердин болжолунда Кыргызстандын жашыруун тигүү цехтеринде 150 миңге жакын адам иштейт. Өткөн жылы тигүүчүлөрдөн мамлекет казынасына салыктан 11 миллионго жакын, социалдык төлөмдөргө 2,5 миллион сом түшкөн. “Көмүскө экономиканы” коңулдан чыгаруунун аргасында өкмөт тигүүчүлөргө патент системасын киргизүү, социалдык камсыздоо тарифтерин мыйзамдык негизге өткөрүүнү көздөп жатат.

Кыргызстандын өнөр жай, соода, туризм министринин орунбасары Сабырбек Молдокулов милиондогон акчалардын көбү салык түрүндө мамлекеттин казынасына түшпөй, чиновниктердин сол чөнтөгүнө кетүүдө деген пикирде.

- Азыр тигүүчүлөр 290 миллион сом төлөш керек. Бирок, иш жүзүндө алардан болгону 2,5 миллион сом гана түшүүдө. Аны 100 миң кишиге эсептей келгенде 2 сомдон эле түшөт экен. Калганы биздин оюбуз боюнча, соцфонддун кызматкеринин чөнтөгүнө түшөт болуш керек.

Депутат Темир Сариев ушу тапта “Кыргызстанда жасалган” деген эн-белги коюлган кийимдер Орусияда өтүмдүү экенин көргөн кытай ишкерлери аны көчүрүп, товарларды жайнатып чыгарып жатканын, биздин товарлар мыкты сапатта экенин билдирип, ал өсүп баратканын мисалга тартты.

Антип чет жерде өтүмдүү товарларды чыгарган тигүүчүлөр ай сайын 150 сомдук патент, 38 сомдук социалдык камсыздануу мүчөлүк акысын төлөп турушса мамлекет бюджетине 180 миллион сом салык, 28 миллион сом социалдык камсыздоо акысы чогулуп турмак.

Сабырбек Молдокуловдун айтуусунда, тигүү тармагындагы ишкерлер өзүнчө салык, 10 тигүүчү машинеси бар ишкер 1000 сом, андан ашканы ар бир машинесине 50 сомдон айына салык төлөйт. Бирок да өкмөт менен тигүүчүлөр ассоциациясы биргелешип иштеп чыккан патент системасы мыйзамдык негизге түшө электигинен акыркы эки айда патент акысын төлөөчүлөрдүн катары кыйла азая түшкөн.

Депутат Камчыбек Ташиев кийим тигүүчүлөрдөн 150 сом патент акы, 38 сом камсыздоо мүчөлүк акысын төлөөнү талап кылуу социалдык теңчиликке жатпасын эскертип, жаңы мыйзам долбоорун колдобой тургандыгын билдирди:

- Ал жерде жүк ташуучу, тигүүчү болуп иштеген адам канча айлык аларын билесизби?

Сабырбек Молдокулов: - Ошол тармакта иштеп жаткандардын орточо айлык акысы 4 миң сомдун тегереги.

- Калп айтып атасыз. Эгер билбесеңиз мен сизге туурасын айтып берейин. Ошол жерде тигүүчү болуп иштеген адамдар 1,5 миң – 2 миңден ашуун айлык албайт,- деди К. Ташиев.

Анткен менен депутаттардын басымдуу көпчүлүгү жаңы мыйзам долбоорун колдоп чыгышты. Депутат Акматбек Келдибеков 1998-жылдан бери Кыргызстанда ар бир адам өз келечегине өзү акча топтоо жолуна түшкөнүн, ошондон социалдык камсыздоонун мүчөлүк акысы делген 38 сом өтөле аз экенин, тигүүчүлөрдүн пенсиясы кийин жарыбаган акчаны, 400-500 сомду түзүп каларын айтты.

Депутат Авасбек Момункулов коңулда жаткан жеңил өнөр жай тармагын ачыкка чыгаруу үчүн салык өлчөмүн азайтуу керек деп эсептейт:

- Ошондо тигүүчүлөрдүн баары коңулдан чыгат. Биз аларга чындап жардам берген болобуз. Ансыз көмүскөдөн эч ким сыртка чыкпайт. Баары мурдагысындай эле калат.

Өкмөт тигүүчүлөрдү коңулдан чыгарып алса кезекте тамак-аш, алыс жактарга жүк ташуучуларды эсепке алуу аракетине өтмөкчү. Азырынча тигүүчүлөр ачыкка чыгууну көздөп, калгандары натыйжасы кандай болорун күтүп отурушкан кези.

XS
SM
MD
LG