Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:25

АКШда Пулитцер сыйлыгынын лауреаттары жарыяланды


Пулитцер – АКШнын журналистика жаатындагы эң кадыр барктуу сыйлыгы. Сыйлыкты 90-ирээт тапшыруу салтанаты кечээ Нью-Йоркто өттү. Быйыл сыйлыктын эң көбүн же төрт категориясын, анын ичинде ЦРУнун чет өлкөлөрдөгү түрмөлөрү боюнча жүргүзгөн иликтөөсү үчүн "Вашингтон Пост" гезитинин калемгерлери жеңип алды. "Нью-Йорк таймс" басылмасы үч сыйлыкка, анын ичинде өлкөдө сүйлөшүүлөрүн угуу боюнча жашыруун программаны иликтегени үчүн арзыды. Сыйлык былтыркы Катрина ураганы учурундагы окуяларды чагылдырганы үчүн АКШнын түштүгүндө чыгуучу эки гезитке да ыйгарылды. Ал басылмалардын бири кеңсеси суу алдында калганына карабай иштеген.

Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG