Уруштар кечээ орун алды. Башкаала Багдаддын суниттер басымдуулук кылган районунда 50дөй согушкердин ирактык күчтөргө кол салуусу менен башталган уруш бир нече саатка созулуп, беш козголоңчунун жок кылынуусу менен аяктаган. Ирактык бир жоокер жаракат алган, америкалык аскерлер арасындагы кандайдыр бир жоготуу жөнүндө маалымат түшкөн жок. Кечээ америкалык аскерлер ошондой эле Рамади шаарында да согушкерлер менен кагылышкан.