Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 05:20

МАРАТ АЛАПАЕВ : ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШ БЕШ ПАЙЫЗГА ЖЕТЕТ, АНДАН АШАРЫ АРСАР


Быйылкы жылдын алгачкы үч айынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрү кыйла дурус, инфляция 3% түзүп, улуттук ички дүң продукттун көлөмү 18 миллиард сомдон ашты. Мындай маалыматты Улуттук банктын төрага милдетин аткаруучу Марат Алапаев журналисттер үчүн өткөргөн жыйынында ырастады.

Улуттук банк төрагасынын милдетин аткаруучу Марат Алапаев акча-кредит жаатында абал дурус экенин, доллардын сомго карата катышы чоң өзгөрүүгө учурабаганын, инфляция деңгээли өткөн жылга салыштырмалуу бираз көтөрүлгөнү менен, бышыкчылык келген маалда баштагы калыбына келерин белгиледи. Анткен менен ал Кыргызстандын быйылкы жылдагы экономикалык өсүшү 5% тегерегинде болорун болжол кылгандардын пикирине кошула тургандыгын билдирди.

- 5 пайызга көбөйөт го деп ойлоп атабыз. Анан эми сан жагынан алганда 111 миллиард сомду түзөт. Биздин аналитиктер ошондой болжол куруп жатышат. 8 пайызга жетебизби – жете албайбызбы, бирок 5 пайыызга жетебиз буюрса.

Кыргызстандын Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров экономикалык өнүгүүнүнү ырааты жети пайыздан ашканда гана ушу тапта болжолдонуп жаткан милдеттердин ишке ашышына шарт түзөт деген пикирде.

- Жылына ички дүң продуктту беш пайызга көтөрө турган болсок, биз кыргыздын эли анча деле жыргап кетпейбиз. Биз эсептеп көрсөк, ички дүң продуктубуз кеминде жылына 7,5% өсүп туруш керек экен.

Банк системасындагы олуттуу проблемалардын бири катары төрага милдетин аткаруучу казакстандык банктардын арбып баратканын көрсөттү. Эларалык соода уюмуна мүчө өлкө катары Кыргызстан сырттан келген банк инвестициясына бөгөт да кое албайт. Бул жердеги коммерциялык банктардын каржылык мүмкүнчүлүгү четтен келген банктарга салыштырмалуу кыйла эле чектелүү. Марат Алапаев чет эл банктары активдерин арбын жайгаштырып, реалдуу экономиканы өнүктүрүүгө шарт түзүп бериши керек деп эсептейт. Анын маалымдашынча, элдин колундагы акчанын 80 пайызга жакыны банктарды кыйгап өтүүдө.

- 80 пайыздан ашуун акча банк системасына кирбейт. Ошону банк системасына киргизиш үчүн төлөм системасын, кассалык тартип жана башка ар кандай ыкмаларды колдонуп, банктарды кыйгап кетип аткан акчаларды банк системасына киргизүү милдетин алдыга коюп жатабыз.

Марат Алапаев Кыргызстанда “көмүскө экономиканын” көлөмү алтымыш пайызга жетерин маалымдады. Аны ачыкка чыгарыш амалында өкмөт капитал амнистиясын жарыялагысы келсе ишти иралды мыйзамдык негиз түзүүдөн баштоо керектигине токтолду. Ушу тапта кыргыз коомчулугун түйшөлтүп аткан дагы бир проблема - тышкы карыздар маселесин козгоп, ал “ХИПИК” программасын босогодон ары түртпөй, алгач шарттары кандай экенин талкуулап, байкап көрүү керек деп айтты.

- Азыркы ХИПИК программасы Африка өлкөлөрүнө колдонулган кезинен кыйла өзгөрүлгөн, ыңгайлаштырылган. Улуттар уюмунун “Кылым чакырыктары” сындуу жаңы нерселер менен толукталган. Африка өлкөлөрүнүн тажрыйбасын карап, көп нерселер өзгөртүлгөн. Ошол себептүү сүйлөшүүлөргө камданып, маселени талкуулоого макул болууну колдоо керек. Жакпай калса орто жолдон чыгып кетүүгө неге болбосун. Башкысы бул иш ачык, жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөнү жакшы.


Марат Алапаев Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясын жеке колго өткөрүү ишин эртерээк жүргүзүп, каржы уюмун менчиктештирүү маселесин ылдамдатуу керектигин маалымдады. Ансыз акча жагынан кыйын абалга кабылган мекеменин абалы оорлой бере тургандыгын айтты. Кандай болгон күндө да, айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө жакындан жардам берүүчү айыл банкы, кредиттик союздардын көп болушуна жетишүү зарыл.

XS
SM
MD
LG