Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Парламент жыйыны үзгүлтүккө учурады


БИШКЕК. «2006-жылга жер салыгынын базалык өлчөмдөрү» тууралуу мыйзам долбоору колдоо таппаган соң айрым депутаттар сөз сурашып, бирок төрага алардын бул маселе боюнча эки жолу сүйлөгөнүн, регламентке ылайык, процедуралык маселеде бир депутатка үч жолу сөз берилбестигин айтты. Натыйжада депутат Камчыбек Ташиев менен төрага Марат Султанов кайым айтышып, ызы-чуу күчөп кетти. Пикир келишпестикти депутат Алишер Сабировдун тыныгуу жарыялоо тууралуу сунушу басты. Айтылган сунушту палата колдоп, депутаттарга бейшембиге дейре тыныгуу жарыяланды. Ошентип парламент бүгүн белгиленген убакыттан бир сааттай мурда ишин токтотууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG