Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Эдил Байсалов жакында ооруканадан чыгат


БИШКЕК. Кол салууга кабылып, башынан жаракат алган Эдил Байсалов саламаттыгы жакшырып, күн өткөн сайын өзүн жакшы сезип калганын бүгүн «Азаттыкка» телефон аркылуу билдирди. Дарыланып жаткан Эдил Байсалов ооруканадан чыгып, дарыланууну үйүндө улантууну дарыгерлерден өзү суранып жатканын, жакын арада чыгышы мүмкүндүгүн кошумчалады. Ага ок атылганын же башына кандайдыр бир катуу зат тийгенин аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы дале чыга элек. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын башчысы Эдил Байсаловго 12 апрелде белгисиз бирөөлөр тарабынан кол салынган.

XS
SM
MD
LG