Уюм мындай кадамга өзбек бийлигинин талабына ылайык барды. Бул тууралуу кечээ жарыяланды. Бир ай мурун Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги БУУнун Качкындар иши жогорку комиссариатына ал максат-милдетин аткаргандыктан өлкөдө мындан ары туруусуна зарылдык жок экенин эскерткен.