Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Американын аскер базасы, эгер анын аренда акысы чечилбесе, Кыргызстандан чыгарылышы ыктымал


Президент Курманбек Бакиев бүгүн «Манас» аба майданындагы америкалык аскер базасынын тагдырын ушул жылдын 1-июнуна чейин чечүү керектигин Вашингтонго эскерткен билдирүү менен чыгып сүйлөдү. Эгер бул мөөнөткө чейин аскер базанын мындан аркы жайгашуу шарты жөнүндө сүйлөшүүлөр натыйжа бербесе, Кыргызстан эки тараптуу келишимди токтотуу маселесин карап чыгарын Президент баса белгиледи.

- Жаңы келишим түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр тогуз айга созулуп кетти. Бул маселенин ачык-айкын болбой жатканы өз кезегинде Кыргызстандын элин бушайман ойго салууда, - деп айтты Курманбек Бакиев.

Бишкектин чексиндеги «Манас» аба майданындагы америкалык куралдуу күчтөрдүн аскердик авиа базасы 2001-жылы декабрда Ооганстандагы антитеррористтик операцияга колдоо көрсөтүү үчүн ачылган. Кыргызстанда март революциясынан кийин келген бийлик АКШнын жетекчилигине аскердик базанын аренда акысын көбөйтүп жылына 200 миллион долларга жеткирүү жөнүндө маселе койгон. Өткөн жылы июнда АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд Бишкекке келгенде да ушул маселе козголгон. Андан бери Пентагон менен Бишкектин ортосунда бир-эки жолу сүйлөшүүлөр өткөн, бирок АКШнын администрациясы базанын аренда акысы жөнүндө кыргыз тарапка так кесе жооп айта элек.

XS
SM
MD
LG